www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 81 жаштагы жаран дайынсыз жоголду

Ош шаарында 1945-жылы туулган Эмиров Виктор Алексеевич дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, Виктор Эмиров 2026-жылдын 3-январында Ош шаарындагы Абакир уулу Төрөбек көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Анын бою 165–170 сантиметр. Үстүндө жашыл түстөгү аскердик бушлат, көк спорттук шым, бутунда кара түстөгү бут кийим болгон. Башына кара түстөгү тумак кийип жүргөн.

ИИМ жарандардан дайынсыз жоголгон адам тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдирүүнү суранат.

Байланыш телефондору: 0322 26 67 37, 0776 06 33 60, 0705 51 54 15.

Последние новости