www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында 27-августка караган түнү Партсъезд көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан 20 жаштагы кыз кулап каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя тууралуу милицияга саат 00:32де кабар түшүп, жерине тергөө-ыкчам тобу барган.
Милиция кыздын өздүгүн тактаган. Ал Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургуну Т.А. экени аныкталып, туугандарына конокко келгени белгилүү болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, окуяга чейин кыз айрым адамдарга болгон таарынычтары тууралуу айтып жаткан. Кийин жанындагы кыздар алаксып турган учурда, ал күтүүсүздөн терезеден секирип кеткен.
Кыз тез жардам менен шаардык ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суракка алынды. Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.