www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өттү

Бүгүн Ош шаарынын Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, буга чейин рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Мэриядан кабарлашкандай, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы, коомдук ишмерлер, шаар аксакалдары, активисттер жана коммуналдык ишканалардын кызматкерлери катышты. 

Калаа башчысы Ошто жашыл аймак жетишсиз экендигин белгилеп, алдыда шаарды жашылдандыруу иштерине өзгөчө басым жасаларын билдирди. Ал эми министр өлкө башчысынын демилгеси менен “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында 2026-жылы Кыргызстан боюнча 9 млн бак отургузуу каралгандыгын айтып, Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан демилгелүү иштерди колдоду. 

Иш-чаранын алкагында аймакты жашылдандыруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп, декоративдүү жана көлөкө берүүчү бак-дарактардын 6 түрү боюнча 1300гө жакын көчөттөр отургузулду. Бул иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана шаар аймагындагы жашыл тилкелерди көбөйтүү максатында ишке ашырылып жатат. 

 

Последние новости