www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Мады айыл аймактарындагы мектептерде “Аптекалык наркомания” темасында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлү Гулмира Жапакова, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты.
Анын негизги максаты — жаштар арасында баңгизатына байланышкан жана башка кылмыштардын алдын алуу, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле дарыканаларда сатылуучу күчтүү таасир берүүчү жана синтетикалык заттардын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга синтетикалык баңгизаттардын, ошондой эле көз карандылык жараткан айрым дары-дармектерди колдонуу кандай кесепеттерге алып келери жана мыйзам алдындагы жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, ири суммадагы акча убадалаган жарнамаларга алданып, баңгизатына байланышкан кылмыштарга аралашып кеткен өспүрүмдөр тууралуу видео тасма көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, мындай багыттагы алдын алуу иш-чаралары учурда облус аймагындагы бардык райондордо улантылып жатат.