www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча облустук штабдын жыйыны өттү. Ага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Конуш Сакмаматов жана аймактагы саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты.

Жыйында балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча штаттан тышкаркы башкы педиатр, Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасынын директорунун орун басары Адыл Алимкулов баяндама жасады.

Кеңешменин жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыктары каралып, түштүк аймактагы балдардын ден соолугун коргоону күчөтүүгө багытталган кошумча чаралар белгиленди. Ошондой эле ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн себептерине талдоо жүргүзүлүп, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдары менен стационарлардагы кызматтын сапаты бааланды.

Облустук кызматтын ыкчам маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында бир катар негизги көрсөткүчтөр боюнча оң динамика катталган. Бир жашка чейинки балдардын өлүмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 94 учурдан 56 учурга чейин кыскарган.

Мындан тышкары:

  • өлүү төрөлгөндөрдүн саны 62ден 28 учурга чейин азайган;
  • ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 1000 тирүү төрөлгөн балага карата 14,8ден 11,1ге чейин төмөндөгөн;
  • беш жашка чейинки балдардын өлүмү 115тен 71 учурга чейин кыскарган.

Жыйындын катышуучулары балдардын өлүмүнүн ар бир учурун өзүнчө карап чыгып, патронаждык көзөмөлдү уюштурууда, диспансерлештирүүдө жана медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөр менен иш алып баруусундагы айрым кемчиликтерди белгилешти. Өзгөчө тобокелдик факторлорун эрте аныктоого, жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу патронаж жүргүзүүгө жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө басым жасалды.

Жыйынтыгында саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине клиникалык протоколдордун аткарылышын күчөтүү, балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана ведомстволор аралык кызматташууну жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Адыл Алимкулов балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо саламаттык сактоо системасынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон каларын белгиледи.

«Ар бир статистикалык көрсөткүчтүн артында баланын өмүрү жана үй-бүлөнүн тагдыры турат. Жетишилген оң жыйынтыктарга карабастан, балдардын өлүмүн мындан ары да азайтуу боюнча комплекстүү иштерди улантуу зарыл», — деди ал.

Маалыматка ылайык, балдардын жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча облустук штаб өз ишин туруктуу негизде улантып, кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзөт.

Последние новости