www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн түштүк аймагындагы балдарга үчүнчү деңгээлдеги адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн жалгыз мекеме болгон Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында ири жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, оорукананын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жалпы 175 миллион сомдон ашык каражат багытталган.

2025-жылы оорукананын №1 хирургия бөлүмү, көз оорулары жана неврология бөлүмдөрү, ошондой эле травматологиялык пункт капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Мындан тышкары имараттын фасады жаңыланып, жаңы лифт орнотулуп, консультациялык-диагностикалык бөлүм оңдолгон.

Аталган иштерге 39 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Учурда медициналык мекемеде кичинекей бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган иштер этап-этабы менен уланууда.

Последние новости