www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия 29-сентябрдан тартып жеке жактарга Кыргызстанга жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө 1 миллион рублдан ашык накталай рубль алып чыгууга чектөө киргизди. Бул тууралуу Владимир Путиндин жаңы жарлыгында айтылат.

Чектөө ошондой эле Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстанга да тиешелүү.

Ошол эле учурда айрым учурларда 1 млн рублдан ашык акча алып чыгууга уруксат берилет. Бул үчүн банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн, каражаттын адамдын эсебинен же аманатынан алынганын тастыктаган документтер талап кылынат.

Ал эми юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн чектөө суммага карабастан колдонулат. Эрежени бузган учурда ашыкча сумма, ал эми юридикалык жактардан бардык алып чыгып жаткан каражат алынат.

Последние новости