www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Казакстандан күйүүчү майдын тартыштыгын жоюу үчүн бензин берүүнү суранды. Бул тууралуу Reuters билдирди.
Маалыматтарга караганда, Орусия мунай иштетүүчү заводдордун жабылышынан жана пландан тышкаркы техникалык тейлөөдөн улам келип чыккан ички тартыштыкты жабуу үчүн Казакстан менен болжол менен 50 000 тонна АИ-92 бензинин импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Ал эми, Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов Астана Москвадан бензин жеткирүү боюнча расмий өтүнүч ала электигин билдирген.