www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлордун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрликтен билдиришкендей, алардын бири - “Баластан” балдар оюн-зоок борбору. Аталган объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин болжол менен 45-50 пайызы аяктады.
Министр объекттеги иштердин жүрүшүн жеринде көрүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.
Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн бул комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маданий жана экономикалык борборлорунун бири болот. Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат.
Объекттин ишке кириши менен 200дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлөт.