www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Гүлмира Кудайбердиеванын кетиши менен балдарынын келечегинен чоочулаган ата-энелер бир балээден кутулгандай болду. Бирок тымпыйып али күнчө катуу жөтөлгөндөн да чоочулаган Каныбек Исаков кандай иштерди бүтүрөр экен деген түкшүмөөл жүрөктө орун алды. Азыркы заманда балдарга сак болуш керек, ажал чакырган интернетте оюндар көбөйдү. Азыркы заманда балдардын интернетте отурганын көрүп сыймыктанса болот. Интернет жыйырманчы кылымдын аягында келип, жөргөмүш сымал желелери менен, бүткүл ааламды курчап алды. Анан наристе балдарды жөн коймок беле, алар тили чыга электе компьютерге барып жабышат. Совет учурунан бери келатып созулган абышка-кемпир болгуча компьютерге колу тийбеген замандаштарды байкап, төрөлө элек жатып компьютердин төрөсүнө айланган наристелерди көрүп, чыны заман эми жаңырып баратат деген ой кетет.

“Алысты жакындаткан кыз” – деп койчу кыргыздар. Азыр “Алысты жакындаткан интернет” - болуп калды. Интернетсиз, интернет менен байланышкан телефонсуз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Арийне, интернеттте отурган балдарга улам-улам көз салып турбаса да болбойт. Азыркы интернетте балдарды кызыктырып өзүнө тарткан оюндар көп. Ошолордун бири көпчүлүк мамлекеттерде тыюу салынган, бирок канчалык тыюу салганына карабастан өспүрүмдөрдү өзүнө тарткан “Көк кит” сыяктуу оюндар.

Интернеттеги балдарды кызыктырган “Көк кит” алгач балдарды өзүнө тартып. Көптөгөн ыңгайлуу суроолорду берип отуруп, акыры барып балдарды ажалга түртөт. Психологиясы али жетиле элек өспүрүмдөрдү тиги дүйнөнүн керемети менен алдап, бул жашоодон жанын кечүүсүн талап кылат. Ата-энелерин зар какшатып бейкүнөө балдарды өлтүрүп эмне кылат, анын үстүндө мыйзам боюнча бул оюндар тыюу салынып жатса. Көрсө, бул маселенин табышмагы алыс жакта тура. Анткени, балдардын өлүмү аларга бир тыйын экен, канчалык балдар көп өлүп турса, ал оюндун популярдуулугу ого бетер артып, акча-каражаты көп түшүп турат экен. “Таппасаң сыйпалап кал”. Ошондуктан, балдардын компьютерде ойноп жатканына көз салып туруу ата-эненин милдети. Кокус, “Көк кит” сыяктуу оюндар көзгө чалынса, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бул оюнду тезинен токтотуш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

   

Последние новости