www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Орок айылында автотранспорт каражаттарынан атмосферага чыккан зыяндуу заттарды текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө унаалардан атмосфералык абага зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашыкча чыгарылышына байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды.

Жыйынтыгында 3 протокол түзүлүп, жалпы 22 500 сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы абанын булганышын алдын алуу жана автотранспорттон чыккан зыяндуу заттардын чыгарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чараларды улантат.

Последние новости