www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ: Митингдин демилгечилери, уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары мыйзам чегиндеги талаптарды аткарбаган учурда мыйзамга ылайык чара көрүлөт
Акыркы мезгилдерде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине байланыштуу ар кандай багыттагы акцияларды өткөрүү боюнча байма-бай маалыматтар тарап жатат.
Ошол себептүү Ички иштер министрлиги, кандай гана акциялар, митингдер, коомдук иш-чаралар болбосун коомдук тартипти сактоо менен анын мыйзамдуу өткөрүлүшү керектигин белгилейт. Коомдук иш-чаралар учурунда укук бузган аракеттерге жол берилбей тургандыгын эскертет.
Ыкчам маалыматтарга ылайык айрым бир саясий күчтөр провакациялык иш-аракеттерге барышып, митингдин катышуучуларына терс таасирин берүүгө аракет кылуулары да мүмкүн.
Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында комплекстүү ар тараптуу аракеттерди көрөт жана ошондой эле мыйзам бузууларды, провакция жасоого аракеттенүү, коомдук тартип бузуу жана жарандардын укугун бузууга байланышкан жагдайлар ачыктала турган болсо анда кескин түрдө мыйзам чегинде чараларды көрүү менен бирге коомдук тартипти бузууга, мыйзамдарды бузууга жол бербейт.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg