www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Месенджерлерде «өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизилет, буга байланыштуу тез арада азык-түлүк сатып алуу керек», - деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү бул маселе боюнча кошумча түшүндүрмө берет. 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалымат жыйынында 24 сааттык коменданттык саатка байланыштуу маселе боюнча айткан текстинин үзүндүсү кесилип  алынып, туура эмес чечмелеген. 

Кубатбек Боронов маалымат жыйындын жүрүшүндө өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген. Калк өзүнүн саламаттыгы жана жакындары менен туугандарынын ден соолугу үчүн күндүзү негиздүү себептерсиз бардык жүрүүлөрдү максималдуу түрдө чектөөгө тийиш. Социалдык изоляция эрежелерин сактоо керек, бул жарандык коомдун кынтыксыз аткарыла турган талабы болушу кажет. Антпесе баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн зор тобокелдиктер туулат. 

Чараларды күчөтүү максатында жөө патрулдардын 410 каттамы иштелип чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости