www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Физиктер оптикалык була аркылуу кара тешиктин (чёрная дыра) лабораториялык аналогун түзүп, Стивен Хокинг алдын ала айткан “Хокинг нурлануусунун” белгилерин байкашкан.

Экспериментте жарык импульстары айнек буласынын ичинде жасалма «окуялар горизонтун» түзүп, ал жерде кара тешиктегидей шарттар моделденген. Окумуштуулар чыккан нурланууну гана эмес, анын булагына тийгизген «кайтарым таасирин» да катташкан.

Бул ачылыш Хокингдин кара тешиктер жылуулук нурларын чыгарып, акырындап энергиясын жоготот деген теориясын колдойт. Бирок изилдөө чыныгы космостук кара тешик эмес, анын лабораториялык модели экенин окумуштуулар белгилешет.

Эми изилдөөчүлөр бул моделди кванттык деңгээлде тереңирээк изилдеп, кара тешиктердеги бөлүкчөлөрдүн өз ара байланышын текшерүүнү пландаштырууда.

Последние новости