www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат.
Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн аймактагы иш сапарынын алкагында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 225 орундуу орто мектептин жана Лейлек районунун Тогуз-Булак айылындагы орто мектептин жаңыдан курулган имараттарын пайдаланууга берүү аземине катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ошондой эле ал Лейлек районунун Самат айылындагы 50 орундуу бала бакча менен №48 лицейдин имаратынын да ачылуу аземин өткөрөт. Андан сырткары, Лейлек районунун 90 жылдык мааракесине катышат.
Булак: NazarNews.kg