www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында туруксуз аба ырайынан улам тоолуу аймактарда сел жүрдү.
Анын кесепетинен Каракол–Эңилчек унаа жолунун 4-5-чакырымдарында, Каракол–Раздольный жолунун 6-7-чакырымдарында жана Госдорога–Үч-Кайнар унаа жолунда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүргөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №11 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жеринде ыкчам иштерди жүргүзүп, атайын техникалардын жардамы менен жолго чыккан сууларды буруу жана жолдорду тазалоо иштерин аткарууда.
Маалыматка ылайык, учурда жолдор ачык болуп, унаа кыймылына чектөө киргизилген эмес. Тиешелүү жол белгилери орнотулуп, абал көзөмөлдө кармалууда.
Айдоочуларга жолдо этият болуп, коопсуздук эрежелерин так сактоо сунушталды.