www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Ош автожолунун Ноокен району аркылуу өткөн тилкесинде атмосфералык абаны коргоо боюнча өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында үч айдоочуга жалпысынан 22 миң 500 сом айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору рейдди Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүштү.
Маалыматка ылайык, рейддин максаты автотранспорттон чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, атмосфералык абанын булгануусунун алдын алуу жана айдоочуларга экологиялык мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү болгон.
Иш-чаранын жүрүшүндө 15 автоунаа текшерилип, дымомер аппаратынын жардамы менен айрым унаалардын түтүнүндөгү зыяндуу заттардын көлөмү белгиленген ченемден ашканы аныкталган.
Натыйжада үч айдоочуга жалпы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.