www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районундагы Т. Кулатов атындагы айыл аймагында жылына 500 миң тонна минералдык жер семирткич өндүрүүгө багытталган ири заводдун курулушу уланууда.

Долбоор үч этап менен ишке ашырылып жатат.

Учурда биринчи этап толугу менен аяктап, заводдун административдик имараты пайдаланууга берилди.

Планга ылайык, ишкана 2026-жылдын сентябрь айында алгачкы продукциясын чыгарып, толук кандуу иштей баштайт.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 260 миллион АКШ долларын түзөт. Завод толук кубаттуулукта ишке киргенден кийин 3 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.

Бул ири өндүрүштүк долбоор Ноокат районунун жана жалпы Ош облусунун экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзүп, айыл чарбасын ата мекендик минералдык жер семирткич менен камсыздоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошору белгиленди.

Последние новости