www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтонго бара жаткан жолдо Греция, Италия, Франция жана Канаданын аба мейкиндиги аркылуу учуп өткөнү кабарланды.
Маалыматка ылайык, аталган төрт өлкө тең Эл аралык кылмыш сотунун (МУС) Рим статутуна кошулган. Ошондуктан айрым маалымат булактары алардын Нетаньяхуга карата чыгарылган МУС ордерин аткарууга юридикалык милдети бар экенин белгилешет.
Бирок учак бул өлкөлөрдүн аба мейкиндиги аркылуу өткөнүнө карабастан, Нетаньяху кармалган эмес.
Белгилей кетсек, Эл аралык кылмыш соту буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга карата камакка алуу ордерин чыгарган.