www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Россия президенти Владимир Путинге жазган катын тынчтык демилгеси эмес, «олдоксон чагым» деп атады.

Анын айтымында, Зеленский алгач Путин менен сүйлөшүүгө тыюу салган өзүнүн жарлыгын жокко чыгарышы керек.

«Зеленский өзүнүн жүргүзүп жаткан саясатынын жана алдына койгон максаттарынын жаңылыш экенин түшүнмөйүнчө, биз коюлган максаттарга саясий-дипломатиялык эмес, аскердик жол менен жетебиз», — деди Небензя.

Ал ошондой эле Киев тарабынан айтылып жаткан демилгелерди Москва олуттуу тынчтык аракеттери катары баалабай турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун жүрүшүндө тараптар сүйлөшүү жүргүзүү маселеси боюнча бир нече жолу карама-каршы билдирүүлөрдү жасап келишкен.

Последние новости