www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки аял алууну мыйзамдаштыруу боюнча оюмду жазып, ал кызуу талкууга алынып жатат. Анын зарылчылыгы айрым үй бүлөөгө бар. Кээ бир түшүнбөгөндөр айтып жатышат, "аялдардын укугу бузулат" деп. Тескерисинче эки никеге турууну мыйзамдаштыруу менен аялдардын укугун коргойбуз. Кантип, анда жакшылап түшүнүңүздөр!

Көп учурда үй бүлөөлүк макулдашуу менен эки аял алган шартта, экинчи аялдын укугу бузулат. Биринчи аял уруксат берген күндө дагы, экинчиси мыйзамдуу никеге тура албайт. Башкача айтканда мамлекеттик каттоого (ЗАГС) ала албайт. Ошентип экинчи аялдын укугу тепселет.

Экинчиден, эки никеге турууну мыйзамдаштыруу үчүн ал маселе Жогорку Кеңеште каралып, добушка коюлат. Ага чейин талкууга алынып, шарттары каралат.  Мыйзамдаштырган күндө, эркектин баары көзүнө карабай эле аял ала бере тургандай шарт түзүлбөйт. Мыйзамдуу никеге турганда биринчи аялдын уруксаты менен гана жүргүзүлөт деген эреже колдонулушу керек.

Мындан тышкары, аял алгысы келгендер азыр деле алып жатат. Эки аял ала албагандар мыйзамдаштырып койсо деле алышпайт. Канчалык чектөө койгон нерсе ошончолук талкууланат. Ошон үчүн муну мыйзамдаштырып койсо, каалоочулар мыйзам укуктарынан пайдаланышат.

Ошол себептүү, мен жакында мыйзам долбоорун даярдап, коомчулукка алып чыгып, андан кийин Жогорку Кеңешке сунуштоону чечтим.

Назира Бегим, NazarNews.kg

Последние новости