www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында жер титиреди

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-июль таңкы саат алты жарымда Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо болбогонун билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости