www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарындагы «Тянь-Шань Сити» турак жай комплексинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып салынды.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан «Тянь-Шань Сити» турак жай комплексинин курулуш-монтаждоо иштеринде курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптары сакталбаганы аныкталган.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Кенчжоу Куйюань СК LTD» компаниясына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле компанияга аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык компанияларды мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин, техникалык регламенттерди жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Последние новости