www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башыда аялын коркутуп, үйдү өрттөп жиберүүгө аракет кылган жаран камакка алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
22-июнь күнү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 1989-жылы туулган тургуну мас абалында жубайын бычак менен коркутуп, үйдүн ичине жана жубайынын үстүнө бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылган. Ал ширеңке издеп сыртка чыккан учурда аялдын туугандары келип, «102» кызматына кабар берип, милиция тарабынан өз убагында токтотулган.
Бул факты боюнча 177-берене (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды. Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.