www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун Эмгекчил айылында жайгашкан мурдагы жарандык коргонуу объектисинин абалы менен таанышты.
Аталган имарат 1987–1989-жылдары курулуп, жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзөт. 640 адамга ылайыкталган бул объект 44 бөлмөдөн турат, анын ичинде 4 587 чарчы метрлик жертөлө жайлары бар. Учурда имараттын ички түзүмү бузулуп, бир катар бөлмөлөр жараксыз абалга келген.
Мурда Нарын жана Ысык-Көл облустары бириккен мезгилде объекттеги инвентарлар Балыкчы шаарына көчүрүлүп кеткен. Натыйжада объект узак убакыттан бери пайдаланылбай келген.
Бүгүнкү күндө Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен аталган аймакта логистикалык борбор түзүү долбоору каралууда. Долбоорду ишке ашыруу аймактагы айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.