www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-июль күнү саат 10:00 чамасында Нарын дарыясына түшүп кеткен аялдын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, суудан чыгарылды.

Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Денеси тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.

ӨКМ жарандарды суу жээктеринде этият болууга чакырып, сууга атайын белгиленген жана коопсуз жайларда гана түшүү зарылдыгын эскертет.

Агымы катуу дарыяларга жана кооптуу аймактарга түшүү адам өмүрүнө коркунуч жаратарын унутпоо керек.

Последние новости