www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-мартта саат 17:45 чамасында Нарын – Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоодон шагыл аралаш таш кулап, жолдо кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Тиешелүү комиссиянын текшерүүсүнөн кийин бул аймакта таш кулоо коркунучу жогору экендиги аныкталып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жолду убактылуу жабуу чечими кабыл алынды.
Алдын ала маалымат боюнча, кооптуу тилкеге темир-бетон блоктор орнотулуп, коргоо иштери болжол менен 10 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
"Унаалардын кыймылы Бишкек – Нарын – Торугарт (эски жол) унаа жолу аркылуу уюштурулат. Жарандардан жана айдоочулардан коопсуздук талаптарын сактоону жана көрсөтүлгөн альтернативдүү жолду пайдаланууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.