www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен күнү-түнү иштөөгө даярмын. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев бүгүн, 20-октябрдагы маалымат жыйынында сөзүн media-center.kg сайты билдирди.
Жыйында маалым болгондой, мэр Азиз Суракматов отставкага кетип жаткандыгына байланыштуу, анын милдети буга чейин биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевге жүктөлдү.
"Мэриянын жамаатында өзгөрүүлөр болбойт. Эгер кызматкер жакшы иштеше, аны эмне үчүн алмаштыруу керек? Мен Бишкекти өнүктүрүү үчүн болгон аракетимди жумшайм. Мэрдин иши жарандарга ачык болушу шарт. Мен мэр катары 24 саат, күнү-түнү иштөөгө даярмын", - деди Түлеев.
Эске сала кетсек, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаганда мыкты иштери менен элдин эсинде калган. Учурда Нариман Түлеевге болгон карама-каршылык социалдык тармактарда кайрадан ызы-чуу башталды. Мамлекетте 10-15 кишиге жакпай калса митинг кылып, нараазычылыкты күчөтө берсек, түбү кандай болор экен?