www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары Бишкек шаарында муниципалдык имараттар ижарага онлайн-аукцион аркылуу берилет. Алгачкы аукцион бир айдан кийин болорун мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азырынча https://etp.okmot.kg/ сайтына 38 объект коюлду. Биз бардык ишкерлерди кызматташууга чакырабыз. Сиздер эми ижарага имаратты эч бир коррупциялык тобокелдикке барбастан ала аласыздар", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, бул платформадан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагындагы имараттарды дагы тапса болот.

Эске сала кетсек, жер реформасынын алкагында муниципалдык жерди жана имаратты убактылуу колдонууга берүүнү электрондук аукцион аркылуу гана жүргүзүү каралган. Бул бардык аракеттердин ачык-айкын болушуна шарт түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости