www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Мыктыбек Илебаев 2026-жылдын 10-мартынан тартып “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын директору кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 

Мыктыбек Илебаев 1978-жылдын 8-июнунда төрөлгөн жана жогорку юридикалык билимге ээ. Ал «Дастан» технологиялык университетинин Документтерди башкаруу, камсыздоо жана башкаруу адистигин бүтүргөн.

Ал буга чейин Учур театрынын директорунун орун басары жана А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирк башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген. Мындан тышкары, Мыктыбек Илебаев Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук уюмдарында көп жылдык башкаруу жана юридикалык тажрыйба топтогон.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18 жана 20-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы №328 токтому менен бекитилген жобого ылайык чыкты.

Последние новости