www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азирети муфтийдин өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Муратали кары Мамадияр уулу ыйык орозо айт майрамы менен Мамыржан Рахимовду куттуктап, облус аймагындагы диний абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда аймактагы мечиттерде диний иштер пландуу жүргүзүлүп, абал тынч, жана калк арасында дин жеткирүү иштери уланууда.
Тараптар жолугушууда облус аймагындагы мечиттердин ишмердүүлүгүн, диний кызматкерлердин жоопкерчилигин жана жарандардын коопсуз ибадат кылуусун камсыздоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өлкөдө салттуу ислам катары кабыл алынган ханафий мазхабын жана матуридий акыйдасын пропагандалоо белгиленди.
Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов дин тармагындагы туруктуулук коомдук коопсуздуктун маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди мындан ары өркүндөтүү керектигин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана диний чөйрөдөгү иштерди мындан ары да координациялоо боюнча макулдашты.