www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түзүлгөн пландар артта калып, мындан бир жарым жул мурун Кыргызстандан чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды. Бабановдун Кыргызстанга кайтпай калышы тууралуу журналист Мурат Соорбеков, учурда Бабановдун жанында экендигин айтып, NazarNewsка пикирин билдирди. 

"Өмүрбек Токтогуловичтин чечимин чогу кабыл алдык, абдан жооптуу ары татаал чечим болду! Түнү менен чогу болдук, уктаган жокпуз, мен ушул кадамга барганга көндүргөнгө аракет кылдым. Мен ойлойм Өмүрбек байке мамлекетчил инсан экенин көргөздү. Өзү жаман көрүнсөда өлкөнүн стабилдүүлүгүн, элдин тынчтыгын ойлоду.  Убакыт баарын өзүнүн так таразасына салып көргөзөт деп ойлойм. Өлкөнүн тынчтыгы, элибиздин эсендиги баарынан кымбат. Көп сындабайлы туугандар. Өмүрбек байке экөөбүз көп убакыт сүйлөштүк. Бүгүнкү чечим тарыхый болду. Кимдир бирөө үчүн жакпайт чыгар, бирок чыныгы өлкөнү ойлогон адамдар колдойт деп ишенем", - деди Мурат Соорбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости