www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бремен шаарында жумушсуз калган кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Ал жаштардын абалы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

Элчи студенттер менен жолугушууда өзүнүн жаш кезиндеги окуясын эскерген. Ал 1978-жылы студент кезинде стройотряд менен Ярославль шаарына барып иштегенин айтып, ошол учурда атасы андан чоң үмүт күткөнүн белгилеген.

Текебаевдин айтымында, атасы уулу иштеп, үй-бүлөгө жардам бере турган каражат алып келет деп күтсө, ал үйүнө дээрлик акчасыз кайтып келген.

Бул окуя анын эсинде өмүр бою калганын белгилеген.

Элчи Бременде жолуккан студенттердин жашы 18–21 жаш экенин айтып, алардын эмгекчилдигин жана жоопкерчилигин белгиледи.

«Алар болгону жумуш сурап жатышты. Жеңилин эмес, кандай гана жумуш болсо да иштөөгө даяр экенин айтышты.

Алардын негизги тилеги — үйгө куру кол кайтып барбоо», — деп жазган Текебаев.

Анын айтымында, жаштар ата-энесинин жана жакындарынын үмүтүн актоону каалап, бул кырдаалды оор кабыл алышууда.

Элчи ата-энелерди балдарын күнөөлөбөөгө чакырып, аларды намыстуу жана аракетчил жаштар деп баалады.

Текебаев студенттер бул сапардан чоң турмуштук тажрыйба алганын, дүйнө көрүп, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөнгөнүн белгиледи.

«Алар үйгө көп акча алып барбаса да, аларды жеңиш менен келгендей тосуп алыңыздар.

Анткени алар акыркы күнгө чейин ата-энесинин үмүтү үчүн аракет кылышты», — деп жыйынтыктаган элчи.

Последние новости