www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 29-августтан 6-сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт.

Буга байланыштуу өлкөгө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан миңдеген коноктордун келиши күтүлүүдө. Иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү айрым жолдордо убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол кыймылынын тартиби өзгөрүшү мүмкүн.

МККБ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап, жолдо бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды.

«Бүт дүйнөнүн көңүлү Кыргызстанда болот. Өлкөбүзгө келген ар бир конокко кыргыз элинин жогорку маданиятын көрсөтөлү. Меймандостук жолдогу маданиятыбыздан жана бири-бирибизге болгон сый-урматыбыздан башталат», — деп белгиледи мекеме.

Ошондой эле МККБ жол коопсуздугуна салым кошкон ар бир айдоочуга ыраазычылык билдирди.

 

Последние новости