www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак таңдай акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин өлүмүнөн кийин айтылып жаткан ушак кептерге, акын Мирлан Самыйкожо: "Унчукпай коюуга болбой калды. Уу жуткандай болуп, өзөк өрттөнүп турганда ого бетер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып атышат. Туура түшүнүп, туура маалыматты окуп койгула. Калыстык үчүн жаздым. Өлүмдөн да пайда издеген популиссттер! Мурда кайда элеңер? Кечээ кайда элеңер? Ошол күнү кайда элеңер? Биз силерди ал күнү көргөн жокпуз го. Мүмкүн, мен да ошол жерде болчумун десеңер айткылачы. Көзүбүзгө коргошун уюп эле көрбөй калбасак, биз силерди көргөн жокпуз! Ушинтип упай топтоп, калбыр кадырыңарды өстүрбөй эле койбойсуңарбы! Бул силерге саясат эмес! Жасалма күйүмүш болуп, арзыбаган арзан пиарыңарга аралаштырып БУЛБУЛДУН өлүмүнөн пайда издегениңерди токтоткула! Ичинен бышып, ызасы ташып отурган элдин оюн жалган маалымат таратып тескери бурбагыла да. "Спец больница албай Фучикке жөнөтүптүр" деген карандай калпты кайдан, кантип ойлоп таптыңар? Асылбек Маратов айтты десеңер жаңылыштык», деп жазып чыккан эле.

Мирлан Самыйкожонун постуна жооп катары Таттыбүбү Турсунбаеванын жеңеси Жыпаркүл Турсунбаева пикирин билдирди:

--Мирлан Самыйкожо мырза, бүгүн үчүнчү күн Элмирбек дүйнө салды деген суук кабар тараганы Эл эле эмес, Элмирбекти жоктоп, карагай, кайың - тал ыйлап турган чак. Сиздин постунузду окуп чыгып, патриоттук ырларды таасын жазган кайран гана Мирлан Самыйкожо жигит да башка нукка бурулган экен деген ойдо калдым, капа болбоңуз.

Жакын жүргөн тели-теңтуштары кандай күйүп, жер чапчып, зээни кейип турса, карапайым калк да андан кем эмес, Элмирбектин талантын баалап билген ар бир Кыргыз баласы кан жутуп турган чак. Интернетке маалымат чыгыптыр "атайын ооруканага алып барса, 1- ооруканага жөнөтүшүп, ал жактан кабыл албай, биринчи жардам берилбей калды" – деген. Мындай жосунсуз жорукту шалаакылык деп баалагандар пикир жарыялап жатышты. Менин кесиптештерим эгерде чын эле ошондой жорук жасаган болсо, жоопкерчилигин тартыш керек деген пикирди карманам.

Себеби, ушундай элге таанымал адамга ошондой кайдыгерлик мамиле болуп жатса, эртең катардагы карапайым жаран мындан жаман болуп калышы мүмкүн. Андай шалаакы кесиптештерим дагы бирөөнүн өлүмүнө себепкер болбош үчүн жоопкерчилигин тартыш керек деген пикирдемин. Ылайым сиз айткандай эле болуп менин кесиптештеримдин эч кандай күнөөсү болбой эле калсын. Эгерде окуя сиз айткандай жагдайда өөрчүгөн болсо, анда Сизге бир нерсенин баса көрсөтүп айткым келет: Элмирбекти “Тез жардам” кызматы Элмирбектин атайын ооруканада каттоодо турганын билип тургандан кийин, дароо ошол жакка алып барыш керек болчу. “Тез жардам” кызматы кайсыл оорулууну кайсыл жакка алып барышты, дароо аныктап, жеткирчү дарекке жеткирет. Бул тууралуу талашып-тартышпай эле койсоңуз болмок. Ошол маалда Элмирбектин жанында такай жүргөн экенсиздер, биринчи маалыматты элди ызы-чууга салбай, туура, так бериш керек болчу. Бирок, сиздин посттун нугу дарыгер. Сөз туурабы, туура эместигинде деле эмес, максаты башка экени көрүнүп калды.

Экинчи маселе боюнча, болгон чындык толук болбой калыптыр. Түшүнөм келечектүү акынсыз, келечекте өсүш ар бир жаш таланттын мүдөөсү, маданияттын бийлик төбөлдөрү менен кааласаңыз да, каалабасаңыз да ар дайым жакшы мамиледе болуу шарт экенин да жакшы түшүнөм. Өзүңүз Маданият министрлигинде да кыска мөөнөт болсо да иштеп кеткенсиз дегендей. Бирок, чындыктан тайбай эле койсоңуз болмок экен.

Кыргыз тилдин 30 жылдык майрамына арналган президент катышкан салтанаттуу иш-чара концертке Элмирбектин чийилип калганы тууралуу маалымат ошондо эле таркаган. Кийин бул маалымат интернетке чыкканын жакшы билебиз. Элмирбек бир эле ал концерттен эмес, акыркы жылдары чындык үчүн куугунтукталып, Өкмөттүк чоң иш-чара концертке жолотулбай жүргөнүн кантип тана аласыз? Болуптур, окуя сиз айткандай болсун, анда Элмирбектин жолун сыйлап, талантын сыйлап, Кыргыз илгертен устатын сыйлаган, шакирттери Элмирбекке жол бошотуп берет эле го. Тилекке каршы, андай болмок эмес, себеби, бардык Өкмөттүк концерттердин программасын президенттин Маданият боюнча кеңешчиси Султан Раев түзөөрүн, кимди катыштырып, кимди катыштырбоону, кимдин чыгармасын программага киргизүүнү, кимдикин киргизбөөнү Султан Раев өзү чечээрин мен өз көзүм менен көрүп жүргөн киши катары эң жакшы билем.

Ошондуктан, бул маселе тууралуу башка пикир чындыкка дал келбейт. Пикир билдиргендердин бири да "тил майрамына киргизбей коюп, ошондон Элмирбек дүйнө салды деген" пикирди эч көргөн жокмун, окуган да жокмун. Элмирбек кандай жан дүйнөсү таза, назик, сезимтал, жумшак адам экенин жакындан жакшы билем. Моралдык сокку үчүн көрсөтүлгөн куугунтук жөнүндө айтпаганда да мындай адамдарга каш-кабактын ирмеми эле жетиштүү. Элмирбектин жанында жүрүп жакшы билем деп жатпайсызбы, анда Элмирбектин "Чоңдорго кайрылуусу" жарык көргөндөн кийин, болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлүп, суракка чейин чакырылганын жакшы билет болушуңуз керек эле. Эгерде маалыматыңыз жок болсо, мен Элмирбектин өзүнө көчөдөн жолугуп калып, бир топко маектешип, өз оозунан уккан киши катары айтып деп жатам. Түшүнөм сизди, алды-артты абайлап, азыркы саясаттын эркине да каршы багытта болбош керек. Демек, маданиятты тейлеген төбөлдөр менен да "ынтымакта" болуш керек дегендей. Бирок, сөз чынынан бузулбайт, бул постто бирөөлөрдүн кызыкчылыгы көздөгөн жыттанып калыптыр, капа болбоңуз. Учурда пайдаланып дагы бир жагдай боюнча пикиримди билдирип коеюн.

Мына сиз "Айтыштын" алып баруучусусуз канча жылдан бери Элмирбек айтыштан алыстап калганын эми тана албайт болушуңуз керек. Же муну да тана аласызбы? Эл Элмирбектин куюлушкан кебин сагынды, айтыштарда элге тартуулаган керемет маанайды сагынды. Кечээ "Айтыштын" төбөлү Садык Шернияздан ушул жаатта журналист суроо берип калса, ал: "Элмирбек айтыш боюнча болгон сыйлыкты алган, азыр жаштар өссүн деп, жаштарга жол бошотулду, Элмирбек азыр шакирттерди тарбиялоо менен алек" - деп кашкайып жооп берди. Болуптур Элмирбек болгон сыйлыктардын баарын алыптыр, бул Элмирбектин чыныгы теңдешсиз чоң төкмө экенинен кабар берет. Башка Эл андайын алаканга салып көтөрөт. Аябай эле ”калыстык" болуп туруптур, Элмирбекти сүрүп салып, жолотпой койгондон ордуна, жаркыратып, "Айтыштын" калыстыгына олтургузуп, кара кылды как жарган калыстыгын пайдалансак болот беле? Албетте, болмок. Дагы жакшы, Элмирбек өзүнө жакшы алектене турган устат-шакирт өнөрканасы менен алектенди. Биз мындай чоң талантты же чоң мамлекеттик иш-чара катары өткөн концерттерге чыгарбасак же өзү өнүп-өскөн "Айтыштын" чоң мааракелерине жолотпосок, балким, мындай кадамды да "калыстык" болду деп эсептейсизби? Сөзүмдүн акырына айтаарым Элмирбектин өлүмүнөн карапайым калк саясат издебейт, алды-артын карап "абай" салган Элмирбектин "чөйрөсүбүз" деген сизге окшогон эр-азамат издегендей болуп калыптыр. Элмирбек чындыктын жарчысы, ошондуктан, сөз чынынан бузулбайт. Айтсак, болгон чындыкты айталы, Элмирбектин чындыгы бүгүн айтылбаганда качан айтылат? Ооруну жашырса, өлүм ашкерелейт делет. Ошондуктан, кекете сүйлөп, омуроологон кебиңиз өтө одоно болуп калыптыр, сизден кем эмес күйүп жаткан Элмирбектин күйөрмандары азыр андай оройлукту көтөрө албайт деген ойдомун",-деп пикирин жазган Жыпаркүл Турсунбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости