www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Жаңы жылдык майрамдарда пиротехниканы колдонуудан баш тартууну өтүндү.

Мекеме кадимки фейерверктер үч тараптуу зыян алып келерин түшүндүрдү:

Абанын булганышы: Кышында температуралык инверсиядан улам шаарларды ансыз деле кара түтүн (смог) каптап турганда, пиротехникадан чыккан түтүн уулуу заттардын топтолушун кескин жогорулатат.

Таштанды: Салют атылгандан кийин топуракты булгаган пластик, кагаз жана химиялык калдыктардын үймөгү калат.

Өрт коркунучу: Пиротехниканы колдонуу өрт чыгуу коркунучун кыйла күчөтөт.

Министрлик майрамдык маанай тартуулоонун заманбап жана коопсуз ыкмаларына өтүүнү сунуштайт. Альтернатива катары төмөнкүлөр сунушталууда:

Жарык инсталляциялары;

LED-иллюминациялар (жарык жасалгалары);

Дрондор шоусу.

Ведомство таза абаны сактоо жана жарандардын коопсуздугу үчүн быйыл Жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыздоо сунушу менен шаар мэрияларына жана мамлекеттик органдарга расмий кат жөнөттү.

Последние новости