www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет мейкиндигинде медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү “айлык көбөйгөндөн кийинки сумма” катары тарап, коомдо туура эмес түшүнүк жаратты. Бирок анда март айына эсептелген эмгек акы көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, Президенттин жарлыгына ылайык медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта көбөйтүлдү. Март айында эмгек акы мурдагы эсеп менен берилген, ал эми жогорулатылган эмгек акы апрель айынын жыйынтыгы менен, айдын аягында төлөнөт.
Тараган квитанцияда толук ставка эмес, 0,5 ставкада иштеген кызматкердин эмгек акысы көрсөтүлгөн. Мурда мындай ставка 8617 сомду түзсө, азыр болжол менен 13 500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, 7 500 сом өлчөмүндө президенттик компенсация кошулуп, жалпы эмгек акы 21 миң сомго чейин жетет.
Толук ставкадагы дарыгерлер үчүн мисал:
1 ставка (10 жылдык тажрыйба, II квалификациялык категория):
Базалык оклад: 27 104 сом
Иш стажы (10%): 2 710 сом
Квалификациялык категория үчүн кошумча: 2 000 сом
Жалпы эсептелген эмгек акы: 31 814 сом
Ага кошумча президенттик компенсация: 15 000 сом
Жалпы эсептелген сумма: 46 814 сом
Колуна (на руки): 39 260 сомго чейин.
Урматтуу медицина кызматкерлери жана ЖМК өкүлдөрү, расмий такталган маалымат толук жарыяланганга чейин такталбаган маалыматтарды таратуудан карманууну суранабыз. Бардык эсептөөлөр жана түшүндүрмөлөр даяр болгондо кошумча маалымат берилет.