www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-словак Тышкы иштер министрликтер аралык консультациялардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Словакия Республикасынын мамлекеттик органдарынын бир катар өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Словакиянын Экономика министрлигинин Мамлекеттик катчысы Владимир Шимоняк менен болгон жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле өнөр жай, энергетика, транспорт жана санариптештирүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, мындан тышкары словакиялык компанияларды Кыргызстандагы долбоорлорго тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Словакия Республикасынын Президентинин Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер боюнча кеңешчиси Ян Кубиш менен жолугушууда эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, БУУ алкагындагы кызматташтык, Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ал эми Словакиянын Улуттук Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Мариан Кери менен болгон жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки өлкө ортосундагы саясий диалогду бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы байланышты активдештирүүгө кызыкдар экендигин тастыкташты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кыргыз-словак кызматташтыгынын жогорку потенциалын белгилеп, саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Последние новости