www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында Мозамбик Республикасына болгон биринчи расмий сапарынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мозамбик Республикасынын Президенти Даниэл Франсишку Шапу менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-мозамбик мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Африка континентиндеги мамлекеттер менен саясий диалогду кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Мозамбик Кыргыз Республикасы үчүн Түштүк Африка аймагындагы келечектүү өнөктөш катары өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду мындан ары чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.