www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусиянын борбору Минск шаарындагы козголоңдо кармалгандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Бул туурасында кармалып кайра бошотулган россиялык журналист Семен Пегов жарыялаган.

Анын айтымында, митингде кыргызстандыктар да бар болгон. Кармалган адамдар тизмеде жок болгондуктан издөө жана табуу кыйыныраак. Ал Кыргызтан, Италия жана Түркмөнстандын элчилери менен байланышып, жарандары кармалганы тууралуу билдирген.

“Кармалгандар кокустан эле туш болуп калган”, - дейт журналист.

Эске сала кетсек, Беларустун ички аскерлери жүздөгөн митингчилерди "Пушкин" метросунан Минскинин түндүк-батыш тарабына сүрүп таштаганын РИА Новости жазган.

Оппозициячыл тарап 10-августта милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болгон жерге шейшемби күнү кечинде дагы чогулган.

Милиция аларды шаар четине сүрүп чыгарып жатат. Каршылык көрсөткөндөр жана баш ийбегендер кармалып, укук коргоо органдары жана журналисттер сабалганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.k

Последние новости