www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз-түрк “Манас” университетинин аймагын аралап өткөн жол ачыла турганын айтты.
Ал соңку учурда бул маселенин басаңдап калганына түшүндүрмө берип, мэрия шаардын башкы планынын бекитилишин күткөнүн, эми алдыда долбоорлоо иштери баштала турганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекитип, мэрия жаңы картаны 11-майда жарыялады. Бул документте Миңжылкиев көчөсү “Манас” университетинин аймагын кесип өтүп, Манас проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиевге кошулат.
Шаар башчы Жунушалиев Бакаев көчөсүн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин узартууну “келечектин иши” деди. Ал университеттин аймагынан өткөн жолдор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өкмөттүк келишимге каршы келбей турганын, “жолдун четине башка курулуштар да жүрөт” деген тынчсызданууга негиз жок экенин белгиледи.