www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекке келишимине кимдер кошула алат?

Пакистандын Москвадагы элчиси Файсал Нияз Тирмизи Мекке келишимине аймактагы каалаган өлкө, анын ичинде Иран да кошула аларын билдирди.

Бул тууралуу дипломат ТАСС агенттигине берген маегинде айтты.

Анын айтымында, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф башка мамлекеттер келишимге кошулууну кааласа, аларды альянстын курамында көрүүгө даяр экенин билдирген.

«Аймактагы каалаган өлкө, бардык мамлекеттер кошула алат. Бул толугу менен ачык-айкын. Альянс тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, кимдир бирөөгө каршы агрессия жасоо үчүн эмес», — деди Тирмизи.

Мекке келишимине 7-августта Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф кол коюшкан.

Келишимге ылайык, катышуучу мамлекеттердин бирине жасалган кол салуу бардык катышуучуларга каршы агрессия катары каралат. Документтин негизги максаты — аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө.

Буга чейин Түркиянын Коргоо министрлиги башка өлкөлөрдүн келишимге кошулуу боюнча өтүнүчтөрү каралышы мүмкүн экенин билдирген.

Ошондой эле Египет Мекке келишимине кошулуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Өлкөнүн тышкы иштер министри Бадр Абдель Атти бул маселе юридикалык жана техникалык аспектилерди эске алуу менен талданып жатканын айткан.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи болсо келишим мамлекеттер коопсуздук маселелеринде өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө таянууну чечкенин көрсөтүп турганын билдирген.

Последние новости