www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакта жаткан Мээрбек Мискенбаевдин өмүрлүк жары Айсалкын Төлбашиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жолдошуна арнап пост жазып чыкты.

“Менин сүйүктүү жолдошум Мээрбек, балдарымдын атасы ойго, сар-санаага, кайгыга батпачы, арыктабачы, кубарып, бозоруп агарбачы, чачтарыңды ак басып агарбасынчы. Эң башкысы оорубачы сураныч, сен бизге абдан керексиң жан. Бир канкор экс-ажо менен күрөштүң! Азыркы ажоо менен дагы ден-соолугуңдун жакшы эместигине карабай күрөшүүдөсүң! Бийлик деген бийлик экен да. Эң башкысы сен сынбасаң, мен дагы сынбайм жан сен күчтүүсүң. Сен менин чыныгы, эр жүрөк баатырымсың! Кудайым буйруса баардыгы жакшы болот! Бизге да күн тиет! Экөөбүз тилеген тилектерибизге, максаттарыбызга бирге жетебиз! Аллахым буйруса эң жакшы күндөрүн биз үчүн камдоодо.Балдарыбыз менен эл ичинде күлүп жайнап, бактылуу бирге узак жашайбыз! Кыргыз эли сендей эр жүрөк баатыры бар экенин баалап билбесе керек! Бирок Өмүрлүк жарың билет! Сенин жүрөгүң Кыргызстаным деп согорун сезет жана баалайт”, - деп жазган Мээрбек Мискенбаевдин жубайы Айсалкын Төлбашиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости