www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медербек Усаров Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалды. 

Медербек Усаров бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында 67 депутаттын добушу менен аталган кызматка шайланды.

Усаров 1977-жылдын 17-августунда Өзгөн шаарында төрөлгөн.

2000-жылы Ички иштер министрлигинин академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты даражасына жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чинине ээ.

Эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында кызмат өтөө менен баштап, 2006-жылга чейин иштеген. Андан кийин «Архимед» ЖЧКсында юрист, «Everychild» эл аралык уюмунун филиалында консультант болуп эмгектенип, андан соң кайрадан «Архимед» ишканасына кайтып келген.

2010–2011-жылдары Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармалыгын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгын жетектеген.

2011-жылдан 2013-жылга чейин Кыргыз-Орус Славян университетинин кылмыш иликтөө процесси жана криминалистика кафедрасынын доценти болуп иштеген.

2013–2017-жылдары Өкмөттүн аппаратында ар кандай кызматтарды аркалаган. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти, экспертиза жана укуктук камсыздоо секторунун башкы эксперти, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти, коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору, ошондой эле экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.

2019–2020-жылдары кайрадан Кыргыз-Орус Славян университетинин кылмыш иликтөө процесси жана криминалистика кафедрасынын доценти болуп иштеген.

2021-жылдын октябрынан 2023-жылдын декабрына чейин Улуттук илимдер академиясынын М. М. Адышев атындагы Геология институтунда башкы инженер кызматын ээлеген.

2023-жылдын августунан 2024-жылдын сентябрына чейин Жогорку Кеңеште «Ишеним» фракциясынын катчылыгынын эксперти болгон, андан кийин 2025-жылдын сентябрына чейин «Ишеним» фракциясынын лидеринин кеңешчиси болуп иштеген.

2026-жылдын январынан ушул күнгө чейин Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болгон.

Последние новости