www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган депутаттар Чолпон Эсенаманова жана Гүлкан Молдобекова Чүй облусунан келген айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Эл өкүлү Чолпон Эсенаманованын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага ар кыл тармакта ийгиликтүү эмгектенип келе жаткан айымдар катышты.

Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев алгач бардык катышуучуларды жакын калган 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады. 

Эл өкүлдөрү ошондой эле аялзатынын коомдогу орду, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, келечек муунду тарбиялоого жана мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу да кеп кылып, жолугушууга келген айымдардын өз тармагындагы жетишкендиктери мунун эң мыкты үлгүсү экендигин баса белгилешти.

Иш-чаранын соңунда Медербек Алиев айымдарга өз кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, ар түрдүү коомдук жана маданий иштерге активдүү катышканы, ошону менен бирге аймактардын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

 

Последние новости