www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-июлунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, эки өлкөнүн бажы тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулады.

Жолугушууда ядролук, радиоактивдүү жана башка тыюу салынган материалдарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программаларын жандандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап радиациялык көзөмөлдүн техникалык базасын жаңылоого, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматы менен АКШнын Бажы жана чек ара кызматынын ортосунда түз байланыштарды түзүү, маалымат алмашууну күчөтүү, трансулуттук кылмыштуулукка жана мыйзамсыз товар жүгүртүүгө каршы биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери каралды.

Ошондой эле жолугушууда бажы кызматындагы санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктер, автоматташтырылган маалыматтык системалар жана Кырдаалдык борбордун ишмердүүлүгү АКШ тарапка тааныштырылды.

Жыйынтыгында тараптар бажы башкаруусунун натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык коопсуздукту чыңдоо жана мыйзамдуу эл аралык сооданы өнүктүрүү багытында практикалык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

Последние новости