www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев казино мыйзамына ким кандай добуш бергенин видео менен көрсөттү.

Эске салсак, буга чейин Масалиев жыйынтыкты көрүүгө спикер Талант Мамытов тыюу салганын билдирген.

Бирок эл өкүлү добуш берүүнүн жыйынтыгын өзүнүн компьютеринен тартып алып, коомчулукка жарыялаган. Видеодон кумарканаларды кайра ачууну кимдер колдоп, кимдер каршы болгонун көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, кечээ казино ачууга уруксат берүү мыйзам долбоору төрт жолу добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын бардык мүчөлөрү (6 депутат) жана "Ыйман нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей коюп, мыйзам ара жолдо калган. Алар ушундай жол менен каршы пикирин билдиришкен. Андан соң танапис жарыяланып, төрага фракция лидерлерин кеңешүүгө чакырган. Себеби регламентке ылайык, жыйынга катышкан бир эле депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөйт.

Кийин да добушка койгондо ушундай көрүнүш кайталанды. Ал эми 59 депутат "макул", тогузу "каршы" добуш берди.

Көпкө чейинки талаш-тартыштан кийин Баш мыйзамда "көпчүлүк добуш менен кабыл алынат" деген нормага таянып чечим чыгарышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости