www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгү аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан элчинин ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы боюнча ой бөлүшүп, Марлен Маматалиев кыргыз парламенти Казакстандын парламентинин жаңы чакырылышы менен да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Өз кезегинде Рапил Жошыбаев Кыргызстанда иш алып барган мезгилде көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемделе берерине ишенерин билдирди.