www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Убактылуу ооруканага кол-кабышты премьердин сунушунан улам берип жатасызбы же өзүңүз эле элдин түйшүгүн  жеңилдетүү максатында жардам берүүнү колго алдыңызбы?

 -Негизи эле элдик штабды деле  ИВЛ маселелерин чечүү аракеттеринин баарын чогуу команда менен, эл менен биргеликте кылып жатабыз. Патриот балдар кыздарыбызга рахмат. Баары өз ден соолугун аябай, керек болсо жанын аябай “илдетти жеңүүгө салым кошолу, элди абалдан алып чыгалы” деп алдыда  жүрүшөт. Ал эми жаныбызда боло албай, бирок ар кандай көмөктөрдү көрсөтүп аткандар, Россиядан 1000 рубль болсо да жардамым болсун деп берип жибергендер  бар. Ошондой эле,  үйүнөн тамак алып келип, берип жаткандар да жок эмес. Кыскасы, 7 пирожки, 7 токоч болсо да жасап алып, илдетти чогуу жеңели деген эжелер, апалар бар. Ушундай биримдикти, көргөндө элибиз, мамлекетибиз эч качан жок болуп кетпесине  ынандым. Мындай ак жүрөк, кичине болсо да  жардам берейин деген  эл турганда буюрса,  илдетти жеңебиз.

-Учурдагы абалга ким күнөөлүү?

- Түздөн  түз Абылгазиевдин күнөөсү демекчимин. Анткени, ал президентти, Жогорку Кеңешти жана жалпы элди “даярбыз, баары көзөмөлдө” деп ынандырып келген. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай болбой калды.

-Эми жоопко тартыш керекпи?

-Албетте, жоопко тартыш керек.

-Бирок, ал бийликтин партиясынан депутат болуп келгени жатат деген имиштер айтылып жатат го?

-Азыр кырдаалдан аман-эсен чыгып алалы. Депутат болуп келсе да, келбесе деле жоопко тартылат. Мындай шалаакылык жөн эле калбашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости