www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарындагы турак үйлөрдүн биринде акциздик маркасы жок тамеки жана ичимдиктер аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жерден 1 миң 400 куту тамеки, 212 бөтөлкө алкоголдук жана 100 бөтөлкө алкоголсуз продукция табылып, алынды.

Мындан тышкары, Кант шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө "Мырзабек" дүкөнүнөн 5 миң 510 куту акциздик маркасы жок тамеки продукциясын сатуу фактысы аныкталган.

Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

"Маркасы жок акциздик продукцияны 200 даанага чейин сатууда - 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат, ал эми 200дөн ашык санда сатууда - 7 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилиги каралган",-деп айтылат маалыматта.

Последние новости